• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекке башка аймактардан келген унаалардан төлөм алуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагына башка аймактардан кирген унаалардан төлөм алуу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ага ылайык, унаанын түрүнө, салмагына жана мамлекеттик номерине жараша белгилүү баалар коюлат.

Эгер долбоор жактырылса, айдоочулар канча каражат төлөшү керек? (баалар башка шаарда катталган жана чет өлкөлүк номерлүү унааларга өз-өзүнчө эсептелген)

  • Сегиз орундан ашпаган транспорт каражаттары: башка шаарлаарда катталган болсо 50 сом, чет өлкөлүк унаага 200 сом;
  • 8ден ашык оруну бар, 5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары 100 жана 1000 сом;
  • 3,5 тоннадан ашпаган тракторлор, жүк ташуучу унаалар 100 жана 1000 сом;
  • 8ден ашык оруну бар 5 тоннадан ашкан транспорт каражаттары 150 жана 1500 сом;
  • 12 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары 150 жана 1500 сом;
  • 12 тоннадан ашкан транспорт каражаттары 250 жана 3000 сом;
  • чиркегичтер, тракторлор, комбайндар 300 жана 5000 сом.

Документте айтылгандай, жыйымды алуу үчүн атайын төлөө пункту же автоматташтырылган жыйымды төлөө системасы уюштурулат. Акча каражаты ККМди колдонуу менен накталай/электрондук акча, банктык төлөм картасы жана башка төлөм инструменттери аркылуу улуттук валютада кабыл алынат. Жыйымды төлөөчү 100 миң сом төлөгөн учурда автотранспорт каражаттарынын категорияларына жараша 30%дык жеңилдик берилет.

Жыйымды төлөөдөн өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан жактарга жүк жеткирген унаалар, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин, патрулдук, өрт өчүрүү, медициналык тез жардам кызматынын унаалары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, Улуттук банктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын транспорт каражаттары бошотулат.

Ошондой эле жыйымды өз убагында төлөбөгөндөр жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий