• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекке Новосибирсктен дагы 183 кыргыз жараны учуп келди

Коом 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргызстанга бүгүн, 17-июлда «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен «Новосибирск–Бишкек» каттамы боюнча 183 жаран, анын ичинде жаш балдар кайтарылды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Чартердик рейс дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, медициналык операция жасаткандар, ошондой эле Россиянын Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган 73 кыргызстандык студенттер бар.

Ошондой эле аталган борт менен мекендештердин жардамы катары, жалпы суммасы 185 миң рублду түзгөн медициналык дары-дармектерден жана керектүү жабдуулардан турган гуманитардык жардам келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий