• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте 1,1 миңден ашык адам суроо-талапка ээ болгон кесиптерди акысыз үйрөнүштү

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Жыл башынан бери Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы боюнча 1147 жумушсуз жаран эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча акысыз билим алууга жөнөтүлгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, окутууга жөнөтүлгөндөрдүн 26%ы сулуулук индустриясын, айдоочу курстары (23,8%), бухгалтер адистигин (12%), соода агенттерин (8%) тандашкан.

Тил курстары, компьютердик сабаттуулук, веб-дизайн жана графикалык дизайн да актуалдуу болгон.

Жумушчу адистиктердин арасында автоэлектриктер, электр ширетүүчүлөр, электр монтаждоочулар, тиричилик техникасын оңдоо боюнча адистер талап кылынган.

Мындан тышкары, алты айдын ичинде 630дан ашуун адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган.

Мекемеден эскерткендей, эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча акысыз окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу бардык иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий