Бишкек, 11.03.18. /Роман Гайнанов – Кабар/. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу расмий түрдө эң көп өлчөмдө бешбармак жасоо боюнча дүйнөлүк рекорд коюу аракети жасалды.
50дөн ашык ашпозчу 1000 килограмм улуттук сүйүктүү даамды даярдашты. Бул үчүн 5 жылкынын эти жана 500 килограмм кесме керектилди.
Ошондой эле дүйнөдөгү эң узун 100 метрлик кыргыз деликатеси - чучук жасалды.
Пикир
Оставить комментарий