• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нургүл Бакирова Жайыл райондук сотунун эмгек жамааты менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун эмгек жамааты жана судьялары менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш сапарында сот реформасы, бир катар конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр, ошондой эле сот тутумунун көз карандысыздыгы, сот адилеттиги маселелери кеңири талкууланды. Ошону менен бирге аппарат кызматкерлери, сот приставдары жана сот аткаруучулардын эмгек акысын жогорулатуу маселелери да козголду.

Төрайым үстүбүздөгү жылдын 5-мартында жана 7-июнунда президент С. Жапаровдун катышуусу менен өткөн кеңешмелерде өлкө жетекчилиги сот тутумундагы чоң өзгөрүүлөргө барууга даяр экенин билдиргенин белгиледи.

“Кайсыл сот кандай иштеп жатканын жаап-жашырууга мүмкүн эмес. Интернет технологиясы өнүккөн заманда адилетсиз чечимдер, коррупциялык көрүнүштөргө мыйзам тарабынан дагы, коом тарабынан дагы катуу бөгөт коюлат. Биз ачык жана таза иштешибиз керек. Ошондо гана сот тутумунун аброюн жогорулата алабыз”, — деди Нургүл Бакирова.

Жайыл райондук сотунда 36 сот кызматкери, анын ичинде беш судья эмгектенет. 25-июнда Жогорку соттун төрайымы Чуй облусунун Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондорунун сот кызматкерлери менен жолугушмакчы.

Пандемияга байланыштуу бул иш-чаралар санитардык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо менен өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий