• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте 10 айда автобустардын катышуусунда 329 жол кырсыгы катталган

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бүгүн "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында мэр Айбек Жунушалиев менен ишкананын кызматкерлеринин жолугушуусу өттү.

Жолугушууга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков, ошондой эле ИИМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана муниципалитеттин транспорт департаментинин кызматкерлери катышты.

Жыйында Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктуралык түзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору У.Бейшенбаев муниципалдык автобустардын катышуусундагы кырсыктар боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 10 айында 329 жол кырсыгы катталса, анын 169у муниципалдык автобустун айдоочуларынын күнөөсүнөн, 160 учур экинчи тараптын күнөөсүнөн улам болгон.

Буга байланыштуу борбор калаанын башчысы төмөнкүлөргө сөгүш жарыялады:

  • кыймылдуу курамды эксплуатациялоо боюнча директордун орун басары А.К.Тукубаев;
  • башкы инженерлер: Өмүрзаков А.Т., Аскарбеков У.С., Чодонов Н.Б.
  • автоколонналардын башчылары: Дүйшеев А.Д., Маметов С.С., Табалдиев Б.Ж., Өскөналиев У.Н., Өмүркулов А.С., Молдобаев Э.А.
  • өндүрүш жетекчилери: Д.Э.Байтасов, М.Дүйшөнбек уулу;
  • бардык бригадирлерге;
  • бардык механиктерге;
  • бардык колонналардын механиктерине;
  • бардык мастерлерге.

Катуу сөгүш:

  • кыймылдуу курамды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы Ахметахунова С.А.

Иштен алынды:

  • Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Асанов М.К.;
  • 5-автоколонанын начальниги Кожогелдиев К.Ж.
  • жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган 24 айдоочу жумуштан четтетилет.

Шаар башчысы муниципалдык автобустарды санариптештирүү жана жол эрежесин бузуунун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырып, айдоочулардын ишин көзөмөл кылуучу бригадирлердин санын көбөйтүү милдетин койду.

"Бул жерде жол кырсыктарынын жыйынтыгы боюнча отчет берүүнүн кереги жок, бирок активдүү иш алып барыңыз. Профилактикалык иштерди күчөтүү керек. Керек болсо ай сайын чогулуп, иштерине баа берип, чараларды көрөбүз. Анткени, бүгүнкү күндө бузулган автобустар эмес, адамдардын өмүрү маанилүү", - деп кошумчалады шаар башчысы.

Айдоочуларды үзгүлтүксүз тестирлөөдөн өткөрүп туруу, эгер биринчи жолу билимин тастыктабаса, ээлеген кызматынан бошотуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий