• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте №103 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 29.11.23./Кабар/. 28-ноябрдан тарта Бишкек шаарында №103 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган каттам "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы тарабынан тейленүүдө.

Мындай чечимди шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен мекемелер аралык комиссия кабыл алды.

Белгиленгендей, маршрут Садырбаев көчөсүнөн Чоң-Арык айылына чейин каттайт, узундугу 34,8 чакырым жолду басып өтөт, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Каттамда 20 автобус бар.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык маршруттук таксилер толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий