• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Ирандан ташылып келе жаткан анар жана кивиден зыяндуу курттар табылды

Коом 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. "Ош терминал" фитосанитардык текшерүү постунда Ирандан ташылып келе жаткан анардын партиясынан комсток курту (рseudococcus comstocki (kuwana) карантиндик зыяндуу организми аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ташылып келе жаткан товардын салмагы 21,630 тоннаны түзгөн.

Ошондой эле 18 тонна кивиден тыт калканчасы (рseudaulacaspis pentagona (тargioni-Tozzetti) карантиндик зыяндуу организми табылып, аталган организмдер лабораторияга тапшырылган үлгүлөрдө аныкталган.

Бул жүктөрдүн карантиндик фитосанитардык актысына штамп басылып, сатууга жана колдонууга тыюу салынды.

Азыркы учурда расмий түрдө Ирандын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органына Кыргызстандын карантиндик фитосанитардык талаптарынын бузулушу боюнча билдирүү (нотификация) даярдалып, расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий