Бишкектеги ири футбол стадионунун курулушу кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Бишкектеги ири футбол стадионунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал видео менен бөлүшүп, видеодон курулуш иштеринин кайсыл этап жүрүп жаткандыгын көрүүгө болорун айтты.

"Эске салсам, президент Садыр Жапаров стадиондун курулушу менен ушул жылдын 20-апрелинде пландан тышкары барып таанышып кеткен. Обьектини курууда курулуштун сапатына жана коопсуздугуна карата бардык талаптар эске алынууда", - деди Алагөзов.

Пикир

Оставить комментарий