• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте 11-кабаттан кулап түшкөн беш жашар бала реанимацияда жан берди

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Бишкекте 5 жаштагы бала көп кабаттуу батирдин 11-кабатынан кулап түштү.

Октябрь райондук милициясынан кабарлашкандай, 28-июнда саат 20:15те “102” кызматына балдар клиникалык ооруканасынан 5 жаштагы И.Ш. аттуу бала баш мээси чайкалып, ар кандай жараат менен реанимация бөлүмүндө жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маалыматты тактаган. Анда И.Ш. Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынан кулап түшкөнү аныкталган.
“29-июнда саат 10:45те оор жаракатынан улам И.Ш. реанимация бөлүмүндө жан берди”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий