• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектен Түркияга авиакаттамдар көбөйтүлдү

Коом 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы Турцияга каттамдар көбөйгөндүгүн кабарлайт.

Маалыматка ылайык, «Пегасус» авиакомпаниясы 2021-жылдын 2-июлунан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 10 каттам аткарылмакчы.

«Пегасус» авиакомпаниясы 2021-жылдын 6-июлунан баштап Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча дагы 1 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 5 каттам аткарылмакчы (дш., шш., шр., бш., иш күндөрү).

«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы 2021-жылдын 1-июлунан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 17 каттам аткарылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий