• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Жакын арада Бишкекте жаңы Ак үй ачылат

Коом 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Жакын арада президенттин администрациясынын жаңы имараты ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында өткөн президенттин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Ошондой эле мамлекет башчысы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин имараты көрүүчүлөргө эшигин ачарын айтты.

Эске салсак, буга чейин өлкө башчысы президенттин администрациясынын жаңы имаратына "Ынтымак-Манас Ордо" деген ат берилгендигин билдирген болчу.

Жаңы имарат мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулууда. Жалпы аянты 30 миң чарчы метрге жеткен имаратта президенттин администрациясы жана министрлер кабинети жайгашмакчы.

Пикир

Оставить комментарий