• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт түңкү саат 00:23тө чектөөгө алынып, 01:20да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана 54 метрлик эки автошаты тартылган.

Өрттөн турак үйдүн 850м² күйүп, 1500м² сакталып калды. Тилсиз жоонун кесепетинен жабыргандар жок, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий