• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Лейлекте май куюучу жай өрттөнүп, 10 унаа толугу менен күйүп кетти (сүрөт-видео)

Кырсык 0


Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Кечээ, 4-июлда кечинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаштык айылында жайгашкан май куюучу жайда өрт чыккан.

КР ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт тууралуу билдирүү саат 22:30да түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн Тажикстандан үч, Кыргызстандан бир өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Андан тышкары жеринде милициянын 30 кызматкери жана тез жардам бригадасы иш алып барган.

Өрттүн кесепетинен май куюучу станция, 5 фура, 2 газ ташуучу унаа, Mercedes-Benz Sprinte үлгүсүндөгү 2 унаа жана 1 жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктан Кыргызстандын 1 жана Тажикстан Республикасынын 3 жараны жабыркаган. КРнын жараны Кулунду айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми ТРнын жабыркаган жарандары коңшу өлкөдөгү бейтапканага жеткирилген.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий