Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына 3-сентябрда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Станислав Анасимовдун ата-энеси кайрылган.
“Кабар” агенттигине милициядан кабарлашкандай, учурда өспүрүмдү издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Станислав Табышалиев 113А дарегинде жайгашкан үйүнөн 3 күн мурда чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Станиславдын кайда экенин билгендер болсо , төмөнкү телефон боюнча кайрылып коюңуздар: - 0559 77 91 06 же болбосо 102.
Пикир
Оставить комментарий