• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте 15-майга чейин негизги жолдор мезгил-мезгили менен жабылып турат

Коом 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарында 13нөн 15-майга чейин негизги жолдор мезгил-мезгили менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) Коопсуздук кеңешинин катчыларынын ХIV жолугушуусу өтөт.

"Ага байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! 13-15-май күндөрү ШКУ делегацияларынын келиши күтүлүүдө. Ошондуктан Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү унаа кыймылына чектөө киргизилет", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББдан убактылуу ыңгайсыздыктарга шаардыктарды түшүнүү менен кароого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий