• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"КТ Мобайл" кызматкерлеринин маянасы тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. "КТ Мобайл" ЖЧКсы кызматкерлеринин жогорку маяна алары тууралуу маалыматтар туура эместигин расмий түрдү билдирет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "КТ Мобайл" ЖЧКсынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу билдирди.

Анын айтымында, менеджерлердин айлык акысы рыноктогудан төмөн.

"Эң көп маяна 157 миң сомду түзөт. Жарыя болгон документтеги кызматкерлердин маянасы ал жерде көрсөтүлгөндөн бир нече эсеге аз. Ал эч кандай расмий белгилери жок документте, биздин "Альфа Телеком" компаниясы менен иштешкен, мурда ал жерде иштеген кызматкерлер тууралуу айтылат. Балким, анын бир себеби бардыр. Бирок, бул жалган маалыматты тараткандардын деңгээлине түшүүнү туура көрбөйбүз", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, компанияда орточо айлык акы 35-40 миң сом болсо, эң аз маяна 18 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий