• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Кыргыз темир жолу” МИсы 2025-жылга чейинки концепцияны иштеп чыгарууда

Коом 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 2025-жылга чейинки концепцияны иштеп чыгарууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кыргыз темир жолунун” директорунун орун басары Кубан Асанбеков кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, бир айдан кийин аталган концепция даяр болот.

“Концепция коомго жакында тартууланат. Ал ишкананын бардык модернизациялоо ишин камтыйт. Бул концепция КР темир жолдорунунун өнүгүүсүн жана коомдук долбоорду өзүнө камтыйт. Ошондой эле ишкананын тигил же бул ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө кайсыл жактан каражат алына тургандыгы көрсөтүлөт”, - дейт Асанбеков.

Пикир

Оставить комментарий