• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте 2 чакырымдан ашык кабель чубалгысы реконструкцияланды

Коом 0


Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Бишкек электр тармактар ишканасы 2 чакырымдан ашык кабель чубалгысын реконструкциялады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдайт.

2023-жылга капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык, 110/35/6 кВ «Ново-Западная» көмөкчордонунан чыккан 6 кВ чыӊалуудагы кабелдик чубалгы реконструкцияланды. Эски кабелди жаӊы кабелге алмаштыруу иштери Бишкек шаарынын Профсоюзная – Месароша көчөлөрдүн кесилишинде жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, эски кабель 1974-жылы пайдаланууга берилген. 240 мм² кесилишиндеги жаңы кабелдик линия эскисинин кесилишинен эки эсе чоң - 150 мм² жана кабелдик өткөрүмдүүлүгү жогорулатылды. Реконструкцияланган кабель чубалгынын узундугу 2200 метрди түздү.

Белгилей кетсек, жаңы кабель төмөнкү артыкчылыктарга ээ:

  • жогорку кабелдик өткөрүмдүүлүгү;
  • аз салмактуу, кичине диаметри жана ийилүүчү радиусу;
  • төмөн бузулууга жөндөмдүү;
  • полиэтилендик изоляциянын тыгыздыгы төмөн.

Аткарылган иштер керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий