• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкекте 20-сентябрдан тарта унаалардын дөңгөлөктөрү үчүн атайын кулпулар колдонула баштайт

Коом 0


Бишкек, 13.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте 20-сентябрдан тарта туура эмес токтотулган унааларга кулпулар орнотулуп баштайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн жыйында КР ИИМинин патрулдук милициясынын башкы башкармалыгынын координациялоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымына караганда, бул долбоор калаада сынамык режимде ишке ашат, ал үчүн 10 кулпу алынган.

“Кулпулар туура эмес токтотулган унааларга колдонулат. Ал айдоочу отурган жактын дөңгөлөгүнө орнотулат. Унааны терезесине аны орнотуп кеткен инспектордун аты-жөнү менен 102 телефону жазылган стикер чапталат. Айдоочу өз кезегинде инспекторду телефон аркылуу чакырып, айып пулду төлөп, кулпуну алдыруусу керек болот”,-деди ал.

Андан сырткары маалым болгондой, жакынкы күндөрү унааларды эвакуациялоо менен алектенген тиешелүү компанияларга тендер жарыяланат.

“Биз максималдуу түрдө 1600 сомду коюуну сунуштап жатабыз. Монополияга каршы кызматы өзү тараптан ишти карап чыккан соң, тендер жарыяланат”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий