• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кытай менен чектешкен өткөрмө бекеттер жабык бойдон калууда – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 28.02.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кытай менен чектешкен өткөрмө бекеттер жабык бойдон калууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, Кытай менен чектешкен "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө бекеттери жабык.

"Көзөмөл-өткөрүү жайларында абал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлиги жана башка ведомстволор менен иш жүргүзүүдөбүз. Бардык бекеттерде өздүк курам беткап жана керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Кайсы мамлекеттен келбесин ар биринен сурамжылоо жүргүзүүдөбүз. Кайсы өлкөдөн келгени тууралуу маалыматтар да текшерилүүдө", - дейт Шаршеев.

Ал кошумчалагандай, Кытай менен болгон аба каттамдар да токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий