Бишкекте №216, 100 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Бишкекте №216 жана №100 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим шаардын коомдук транспорт тармагынын ишин жакшыртуу жана калаа тургундарынын көп сандаган кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

Ага ылайык, № 216 автобус каттамынын кыймыл чиймеси Учкун кичи району, Учкун-9, 117/1 дарегине чейин узартылды. Белгилей кетсек, буга чейин аталган кичи районду №220 кичи автобус каттамы тейлеп келген.

Мындан тышкары, жол оңдоо жумуштарына байланыштуу №100 автобус каттамынын кыймыл чиймеси Ахунбаев көчөсүнөн тартып Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Масалиев, Айтматов көчөлөрү боюнча Ахунбаев көчөсүнө чейин узартылды.

Пикир

Оставить комментарий