• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Бишкекте 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек Жылуулук электр борборунун директору 4 блок ишке киргизилгенин жана алар алар жылытуу сезонуна даяр экенин маалымдады.

"Буга чейин жылуулук мынчалык эрте берилген эмес, бирок синоптиктердин билдирүүлөрүн эске алып, жылытуу мезгилин 22-октябрда баштоону пландап жатабыз. Энергетиктердин негизги милдети калкты жылуулук жана жарык менен камсыз кылуу. Энергосистема күз-кыш жылытуу мезгилине даяр", - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий