• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Мектепке кетип, кайра келген эмес. Екатеринбургда кыргызстандык өспүрүм изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.04.23 /Кабар/. Екатеринбургда кыргызстандык өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-апрелинде Екатеринбург шаарында жашы жете элек А.А. эртең мененки саат 7де мектепке кетип, кайра үйүнө кайтып келген эмес. 22-апрелде окуучунун ата-энеси дайынсыз жоголгон бала боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган. Башкы консулдуктун кызматкерлери ыкчам түрдө милицияга барып, дайынсыз жоголгон окуучунун ата-энеси менен жолугушту.

Учурда милиция баланы издөө иштерине тартылды. Ошондой эле Башкы консулдук Екатеринбургдагы мекендештер тарабынан түзүлгөн социалдык тармактардагы 100дөн ашык топко окуя тууралуу маалымат берген.

Баланы издөөгө мекендештерден тышкары жергиликтүү "Прорыв" жана "Лиза Алерт" издөө топтору да катышууда.

"Лиза Алерт" издөө тобунун маалыматы боюнча, бала 2008-жылы туулган.

Пикир

Оставить комментарий