• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жамин Акималиев: “Ысык-Көл форумун улантуу идеясы – туура”

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Ысык-Көл форумун биринчилердин болуп дүйнө жүзүнө жазуучу Чыңгыз Айтматов ачкан. Ал кезде форум дүйнөлүк деңгээлде өткөн. Бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбековдун Ч.Айтматовдун идеясын колдогондугу абдан туурат. Бул тууралуу алдыда күтүлүп жаткан иш-чара боюнча өз пикирин билдирип жатып “Кабар” агенттигине академик Жамин Акималиев айтты.

Академиктин айтымында, Чыңгыз Айтматов уникалдуу инсан, анын сөздөрү жана иштери эч убакта актуалдуулугун жоготпойт.

“Мен I Ысык-Көл форумун уюштурууга активдүү түрдө катышканмын. Айтматов аталган форумду уюштуруу үчүн өзүнүн 5 же 6 жылдык өмүрүн кетирген. Эсимде, ал жада калса Москвага чейин чалып, ардактуу коноктордун учуп келиши үчүн учак сураган. Чыңгыз Төрөкуловичтин кадыр-баркы абдан жогору болчу, анткени ага дароо атайын борт бөлүп беришкен. Ал форумга дүйнөнүн бардык өлкөсүнөн коноктор келген. Эң башкысы – форум дүйнө маданиятынын элиталарын чогулткан. Ысык-Көлдөн кийин форумдун делегаттарын Москвада Михаил Горбачев жеке өзү кабыл алган. Анда Чыңгыз Төрөкулович форумдун эң маанилүү аспектилеринин бири Кыргызстанды дүйнө жүзүнө көрсөтүү максаты болгондугун айтты эле”, - деп билдирди Ж.Акималиев.

Бүгүнкү күндө президент Сооронбай Жээнбеков өзү кезектеги Ысык-Көл форумун өткөрүүгө ниеттенип жатат. “Бизге маалым болгондой, ал өзү сөз сүйлөйм деп жатат. Мунун өзү жогорку деңгээл. Эң башкысы, залкар жазуучунун идеялары жашашы керек. Форум – бул көйгөйлүү маселелерди талкулоо үчүн уникалдуу аянтча. Мурда өткөн форумда да ошондой болгон, анда делегаттар бардык маанилүү глобалдык көйгөйлөрдү талкуулашкан. Эң башкысы, форум жакшы жыйынтык берди”, - деп өз сөзүн жыйынтыктады Акималиев.

Пикир

Оставить комментарий