• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖЭБде 9 буу казан, 5 турбогенератор иштеп жатат, кемчиликтер жок - Бектенов

Коом 0

Бишкек, 20.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 9 буу казан, 5 турбогенератор иштеп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Электр станциялары" ААКнын директорунун орун басары Талайбек Бектенов билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБде резервде 6 буу казан, 3 турбогенератор бар.

"Жылуулук борборунда кемчиликтер жок, кышка даярбыз", - деп белгиледи ал.

Бектеновдун айтымында, бүгүнкү күндө "Электр станциялары" ишканасы туруктуу режимде иштеп жатат.

"Өлкөдө былтыркы жылга салыштырмалуу электр жарыгын колдонуу кыйла өстү. Алсак, өткөн суткада электр жарыгын колдонуу 65 млн 600 миң киловатт-саатты түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 54 млн 400 миң киловатт-саатты түзгөн. Быйыл 11 млн киловатт-саатка көп болууда", - дейт Бектенов.

Пикир

Оставить комментарий