Бишкек, 15.05.22. /Кабар/. Бишкекте №260 кичиавтобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны жума сайын өтүүдө.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Бакай-Ата-Нооруз-Нургазиев көчөсүнөн жана андан ары өзүнүн кыймылынын схемасы боюнча каттаган №260 кичиавтобустун кыймылынын чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.
Эске салсак, бул комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү кароо жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий