Бишкекте 3 акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Бишкекте 3 акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 13-февралдан 27-февралды кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:

- Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти 2-үй, 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан "Альфа М Кэш" алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 6357 лицензиясы;

- Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү 223, "Мадина" соода комплекси, "Начало" катары (№07 бутик) дареги боюнча жайгашкан "Амир-Умар" алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 6517 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 206 дареги боюнча жайгашкан "ЮПэй" алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 22-майындагы № 6528 лицензиясы.

Пикир

Оставить комментарий