Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Бишкектин Логвиненко көчөсүндөгү №55 көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринен 33 жаштагы жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 9-декабрда саат 09:40та Бишкектеги үйлөрдүн биринен 33 жаштагы эркек адам өз өмүрүн кыюуга аракет жасагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жаран өз алдынча эшигин ачкан. Жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий