• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда дем алышта 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда дем алышта 11 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкек шаарында 2;
- Чүй облусунда 1;
- Жалал-Абад облусунда 3;
- Ош облусунда 2;
- Баткен облусунда 2;
- Нарын облусунда 1 өрт кысыгы катталган.

Алсак, Базар-Коргондун Сай-Коргон айылында Жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 48 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Кырсыктын кесепетинен үй-буюмдары, эшик-терезелер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий