• 87
  • 89.77
  • 0.79

Бишкекте 4 акча алмаштыруучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Экономика 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Бишкекте 4 акча алмаштыруучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишмердүүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн токтотулду.

2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 16-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

  • Бишкек шаары, Ю.Абдрахманов көчөсү, 150-үй, №1 кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Найман Плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 23-июлундагы № 6882 лицензиясы;

2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 20-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

  • Бишкек шаары, Москва көчөсү, 71-үй, 1-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Экспо Гранд плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 10-октябрындагы № 6959 лицензиясы;
  • Бишкек шаары, Москва көчөсү, 162-үй, 4-квартира дареги боюнча жайгашкан «Биг Моней» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 16-майындагы № 6819 лицензиясы;

2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 12-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

  • Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 84-үй, 9-квартира дареги боюнча жайгашкан «Исхак и Исаак» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 28-декабрындагы № 6682 лицензиясы.

Пикир

Оставить комментарий