• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жусупов Латвиянын Соода-өнөр жай палатасынын директорунун орун басары менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Рига шаарында КР Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Бакыт Жусупов Латвиянын Соода-өнөр жай палатасынын директорунун эл аралык байланыштар боюнча орун басары Натали Юшкова жана башкармалыгынын мүчөсү Янис Лильпетерис менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын активдештирүү талкууланды.

Бакыт Жусупов өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда кызматташуунун келечектүү багыттары катары туризм, энергетика, транспорт, айыл чарба, фармацевтика жана маалымат технологиялары маселелери да козголду.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Латвиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы тыгыз байланыштарды колдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун соңунда Латвиянын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлүнө Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык потенциалы тууралуу брошюра берилди.

Пикир

Оставить комментарий