• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокен райондук милициясынын имараты оңдоодон өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын ички бөлүгү жана сырты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, терезе- эшиктери алмаштырылды. Окуу бөлмөсү заманбап стол, отургучтар менен камсыздалды. Жазуулары жаңыдан жазылып, керилме шыпталар тартылды. Бардык электр чубалгылары алмаштырылып, кайрадан монтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле кызматкерлердин окуу-машыгуусун өткөрүүчү жайга асфальт төшөлүп, сызыктары жаңыдан чийилди. Имарат алдындагы жер тилкеси айдалып, көрктөндүрүүгө даярдалды. Оңдоо иштери ИИМдин жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жыл башынан тарта 30 жерге видеокамералар орнотулуп, милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө туташтырылган. Коомдук жайлардагы тартипти нөөмөттө турган кызматкерлер көзөмөлгө алып турат. Жалпысынан азыркы учурда район аймагында 219 видеокамералар иштейт.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүн 2023-жылдын март айынан тартып Уланбек Коноев жетектеп келет.

Пикир

Оставить комментарий