Кыргызстан менен Латвиянын ТИМдеринин ортосунда саясий консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Рига шаарында Кыргызстан менен Латвиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда Үчүнчү саясий департаментинин директору Бакыт Жусупов менен Эки тараптуу мамилелердин Биринчи департаментинин директору Улдис Микутстын деңгээлинде саясий консультациялар өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки тараптуу байланыштарды арттыруунун, түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү боюнча өз ара кызыкчылык баса белгиленип, Кыргыз Республикасынын “ВСП+” статусун эске алуу менен кыргыз экспортунун европалык рынокко чыгуусуна шарт түзө ала турган Латвиянын өзгөчө географиялык жайгашуусу белгиленди.

Консультациялардын темаларынын бири миграция маселелери жана консулдук укук маселелери болду. Бакыт Жусупов Европа өлкөлөрүндө эмгек миграциясына жана билим берүүгө кызыгуу күчөп жатканын белгилеп, жалпы европалык билим берүү программасынын алкагында да, эки тараптуу негизде да визалык процедураларды жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле стипендияларды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык уюмдардын алкагында позитивдүү кызматташууну белгилешти. Анын ичинде эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий