• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте тазалыкты сактабагандыгы үчүн 5 компанияга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Бишкекте тазалыкты сактабагандыгы үчүн 5 компанияга айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык инспекциясы курулуш объектилери жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча рейд жүргүзүп, анда

  • Гражданская көчөсү 24 дарегиндеги "Авента курулуш" ЖЧКсына,
  • Ч.Айтматов проспектиси 100/2 дарегиндеги "Кыргыз Каганат" ЖЧКсына курлуш калдыктарын муниципалдык аймакка таштагандыгы үчүн,
  • Юнусалиев көчөсү, 177/2 дарегиндеги "Асаха Групп" ЖЧКсына айланасындагы таштандыларды тазалабагандыгы үчүн протокол түзүлүп, 23 миң сом айып салынды.

Мындан сырткары, жанаша аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн

  • "Борман Констракшн" ЖЧКсына,
  • Сухэ Батор көчөсү, 3/3 дарегиндеги 40х40 кароке-барына 13 миң сомго протокол түзүлүп, айып салынды.

Ал эми Тыныстанов-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун өтүүчү бөлүгүнө суу түтүктөрүн орнотуунун натыйжасында бузулган жолду кайра калыбына келтирбегендиги үчүн "Техник Трейд" ЖЧКсына 23 миң сом айып салынды.

Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын аймагында күн сайын рейддер жүрүп жатканын эскертет. Укук бузуулар аныкталган учурда КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелерине ылайык чара көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий