• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте 5 миңден ашуун жөө күлүк катышкан эл аралык кайрымдуулук марафону өттү

Спорт 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Бишкекте эл аралык кайрымдуулук “BMW LEOPARD RUN” жарым марафону өттү. Ага 5 миңден ашуун жөө күлүк катышты, анын 600ү чет өлкөдөн келген. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жарым марафондун маршруту Бишкектин негизги көчөлөрү менен өттү.

Иш-чараны вице-мэр Виктория Мозгачева жана “Autocenter Эстокада” BMW маркетинг бөлүмүнүн башчысы Эмир Темирбеков расмий ачты.

Жарыштын катышуучулары 1 (тилектештик дистанциясы), 5, 14, 21,1 чакырым аралыктарды басып өтүшүп, марафондун алкагында Kulikov Kid’s Run аталышындагы 3 жаштан 9 жашка чейинки балдардын чуркоо марафону болду.

Бардык катышуучулар жана күйөрмандар үчүн артисттер менен музыканттардын катышуусунда бай шоу-программа уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү тарабынан түрдүү сынактар өткөрүлдү. Маршрут боюнча бардык күлүктөр үчүн ичүүчү таза суу менен тамактануу пункттары да уюштурулган.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында бардык дистанциялар боюнча 1-орундан 3-орунга чейин жеңүүчүлөр атайын медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Бишкек мэриясынан кошумчалашкандай, кирүү акысынан түшкөн каражаттардын бир бөлүгү жыл сайын кайрымдуулук максаттарына жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий