Бишкек, 08.07.21./Кабар/. Бишкектеги 6 муниципалдык бала бакчадан коронавируска чалдыккандар аныкталып, ал бала бакчалар карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ошондой эле дагы 12 бала бакча оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылды.
“Калган мектептке чейинки билим берүү уюмдары штаттык режимде иш алып барууда. Бирок алар кезек-кезеги менен жаңы окуу жылына даярдык көрүү үчүн жабылып турат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий