Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бишкектин Байтик Баатыр - Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан имараттын 8-кабатынан боюн таштаган 22 жаштагы жигит көз жумду.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жигит ооруканага жетпей тез жардам кызматынын унаасында жан берген.
Эскерте кетсек, буга чейин эркек киши өзүн-өзү өлтүрүү үчүн имараттын 8-кабатына чыгып алганы тууралуу маалымат тараган.
Жеринде ӨКМ жана милиция кызматкерлери иш алып барган.
Пикир
Оставить комментарий