Бишкекте 800 жөө күлүк жазгы жарышка түшөт

Спорт 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. 2-апрелде “Бишкек-Манас аэропорту” трассасында 5, 10, 21 чакырымга жарыш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу - «Аалам Спорт» коомдук фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, “Жаз Деми” жарышы КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен өткөрүлөт.

Жарышка Кыргызстан, ошондой эле, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 800дөн ашык жөө күлүк катышат.

“2016-жылы “Күз Деми” жарышына 350дөй адам катышкан. Жыл сайын Кыргызстанда спортту сүйүүчүлөр жана сергек жашоону кармангандар көбөйүүдө”, - деп билдиришти уюштуруучулар.

Ошондой эле, алар бул иш-чаранын колдоочулары көп экендигин белгилешти. “Алардын моралдык колдоосу катышуучуларга күч жана мараага карай жолдо ишеним берет”, - деп белгилешти уюштуруучулар.

Иш-чара Аска-Таш мемориалдык комплексинде, Бишкек-аэропорт Манас трассасындагы “Бишкек” стелласында өтөт.

Катышуучуларды каттоо - 08:30 – 10:30, башталышы – 11:00.

Пикир

Оставить комментарий