Бишкекте балдар искусство мектебинин курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 02.06.24./Кабар/. Бишкек шаарында №9 балдар искусство мектебинин курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, имарат 3 кабаттуу, жер тилкесинин жалпы аянты 0,512 гектарды, ал эми имараттын аянты 1117,57 чарчы метрди түзөт.

Учурда жер төлөнүн жана биринчи, экинчи кабаттын бетон каркастары бүткөрүлүп, 3-кабаттын колонналарынын бетон куюу жана биринчи кабаттын кирпич дубалын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Долбоор боюнча ар бир кабатта архив/китепкана, фортепиано, аккордеон, баян, комуз, кыл кыяк, скрипка, эл аспаптар, музыка тарыхы, руханий аспаптар класстары каралган. Андан сырткары, жылытуу түйүнү, концерттик зал, артисттик зал, жабдуулар кампасы, костюмдар бөлмөсү болот.

Пикир

Оставить комментарий