• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкекте 9-марттан баштап мектептерде башталгыч класстар жана бала бакчалар жарым-жартылай иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 9-марттан баштап мектептерде салттуу режимде башталгыч кыласстардын окуу процесси калыбына келтирилет жана бала бакчалар жарым жартылай иштей баштайт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кечээ вице-мэр Айжан Чыныбаева башында турган шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын мектептер жана бала бакчалардын ишин баскыч-баскычы менен калыбына келтирүү маселеси боюнча жыйыны өттү.

Жыйында эпидемиологиялык кырдаалды, мектепке чейинки балдар арасындагы курч вирустук оорулардын тендециясын, анын ичинде COVID-19ду жана окуу процессин коопсуз жүргүзүүнүн мүмкүндүгүн эске алуу менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

  • Санитардык-эпидемиологиялык тартипти сактоо менен 2021-жылдын 9-мартынан баштап Бишкектеги жалпы билим берүүчү мекемелерде 2, 3, 4-класстар үчүн окуу процесси салттуу режимде калыбына келтирилсин.

Өз кезегинде Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгына мектепте окууну топторго бөлбөстөн, сабакты 40-45 мүнөттүк узактыкта, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин биргелешкен буйругу менен бекитилген 2020-2021-окуу жылында билим берүү процессин пандемия шартында уюштуруу боюнча нускамасына ылайык ишке ашыруу тапшырылды.

  • Ошондой эле, 9-марттан баштап шаардагы бала бакчалар даярдоо жана жогорку топтун балдары, анын ичинде ата-энелердин бири тарабынан тарбияланып жаткан балдар үчүн ишмердүүлүгүн калыбына кетирет.

Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору мектеп окуучулары жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эпидемиологиялык абалды жана курч вирустук ооруларга, COVID-19га мониторинг жүргүзүп турат.

Пикир

Оставить комментарий