• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн орун басары Ахматжан Махамадов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары,мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана аскер кызматкерлери катышты.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов жалпы Кыргызстандыктарды куттуктап, бул күн өзгөчө майрам экендигин баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө жоокерлер шаардын борбордук аянтына Кыргызстандын Мамлекеттик туусун көтөрүштү.

Ошондой эле шаардык ИИБнын жана Ош гарнизонунун кызматкерлеринин жүрүшү уюштурулду.

Белгилей кетсек, 3-мартта Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун кабыл алынганына 29 жыл болду.

Пикир

Оставить комментарий