• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Бишкекте абага зыяндуу заттарды чыгарган унааларга рейд жүрүп, 45 миң сомго айып салынды

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бишкекте абага зыяндуу заттарды чыгаруунун уруксат берилген нормасынан ашкан унааларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын, мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Рейддин жүрүшүндө 12 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Транспорт каражаттарынын ээлерине карата КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык, 45 миң сомго айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий