• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга акысыз курс жана вебинарлар өтүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Онлайн университети 1-июндан баштап “Баткенге жардам” долбоорун баштайт. Бул долбоор чек арага жакын аймактарда жабыркаган жарандарга багытталат.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаеванын айтымында, “Баткенге жардам” долбоорунун алкагында 28-29-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу кагылыштан жабыркаган жарандарыбызга акысыз курстар жана вебинарлар сериясы өтүлөт.

“Чек арадагы жердештерибизди адам баласына муктаж болгон алгачкы керектөөлөрдөн тышкары жаңжалдан кийинки нормалдуу жашоого кайтарууга, мындан ары чыр-чатактын алдын алууга, жарандык коргонуунун коопсуздук ыкмаларына үйрөткөн вебинарлар сериясын өткөрүүнү чечтик. Мындан тышкары, балдардын чек ара көйгөйлөрүнө көз карашы жана инстинкттери, сынчыл ой жүгүртүү, бала тарбиялоо маданияты, юридикалык, финансылык, санариптик, саламаттык, экологиялык сабаттуулук жана өрүктү кургатуу технологиялары сыяктуу тематикадагы вебинарлар, аны менен катар англис жана түрк тилдерин үйрөтүүчү курстар өткөрүлөт”, - дейт Турдубаева.

Курстарды жана вебинарларды Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө иштеп, билим алып жаткан мекендеш кесипкөй адистер өтүшөт. Курстардын жана вебинарлар сериясынын темаларын төмөнкү тизмеден көрсөңүздөр болот:

• Өрүктү кургатуу технологиялары;
• Чек арага жакын аймактарда жашоонун өзгөчөлүктөрү;
• Жарандык коргоонунун коопсуздук ыкмалары;
• Эл аралык мамилелердин негиздери;
• Жер-суу талаштарынын эл аралык аспектилери;
• Чыр-чатактын алдын алуу ыкмалары;
• Аялдардын жана кыздардын коопсуз жашоо тажрыйбалары;
• Балдардын чек ара көйгөйлөрүнө көз карашы жана инстинкттери;
• Сынчыл ой жүгүртүү;
• Психологияга киришүү;
• Арт-терапия
• Зомбулуксуз мвмиле куруу;
• Бала тарбиялоо маданияты;
• Кеп маданияты;
• Ден-соолук маданияты:
• Алгачкы медициналык жардам;
• Медиа сабаттуулук;
• Юридикалык сабаттуулук;
• Финансылык сабаттуулук;
• Санариптик сабаттуулук;
• Экологиялык сабаттуулук;
• Иш-кагаздары;
• Маркетинг;
• SMM;
• JavaScript;
• Креативдүү ой жүгүртүү;
• Дизайндык ой жүгүртүү;
• Англис тили;
• Түрк тили.

Пикир

Оставить комментарий