• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан жана Австрия соода-экономикалык кызматташууну талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусуповдун Австриянын Санарип жана экономикалык иштери боюнча федералдык министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкы директору Франц Вессиг менен эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын 7-жыйынынан алкагындагы келишимдердин аткарылышын талкуулашты. Жолугушуунун практикалык компонентин чыңдоо боюнча биргелешкен жалпы мамиленин негизинде жакшы натыйжага жетиштик деп макулдашты. Кийинки кезектеги Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссия жыйынын эки тарапта эпидемиологиялык туруктуу кырдаал түзүлгөндөн кийин тараптар макулдашкан мөөнөттө өткөрүү максатка ылайыктуу деп макулдашты.

Бакыт Жусупов Кыргызстандагы учурдагы кырдаал - жаңы Конституциянын кабыл алынышы, өлкөнүн президентинин жана өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин өзгөрүшү, министрлер кабинетинин жаңы түзүмү жөнүндө Франц Вессигге маалымат берди. Ушул өзгөртүүлөргө ылайык, бардык Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиялардын курамы дагы кайра каралууга тийиш.

Кыргызстандын элчиси экономикалык жана инвестициялык приоритеттер өзгөрүүсүз экендигин жана Кыргызстан мурдагыдай эле, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталгандыгын белгиледи.

Жусупов Кыргызстан Австриянын технологияларын жана экономикасын айыл чарба, гидроэнергетика жана туризм сыяктуу тармактарга тартууну көздөп жаткандыгын баса белгиледи. Элчи ошондой эле, Кыргызстан менен Австриянын аймактар аралык кызматташтыгын өнүктүрүүдө чоң потенциал бар экендигин айтты. Кыргыз Республикасында 7 регион бар жана алардын ар бири өзүнчө экономикалык мүнөздөмөлөргө жана инвестициялык жагымдуулукка ээ.

Буга жооп кылып Франц Вессиг Борбордук Азия региону Австриянын тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин, туризм жана гидроэнергетика Кыргызстанда көңүл чордонунда болорун баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий