• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытай Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда КРнын куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында Кытай Эл Республикасынын Элдик-боштондук армиясы тарабынан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө берилген аскердик-техникалык каражатты салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КР коргоо министри Таалай Өмүралиев, Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө генерал-майор Т.Өмүралиев жана элчи Д.Дэвень аскердик каражаттардын үлгүлөрү менен таанышып, алардын техникалык мүнөздөмөлөрүн талкуулашты.

Иш-чаранын аягында коргоо ведомствосунун башчысы Кытай Элдик-боштондук армиясына көргөзгөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы кызматташтыктын деңгээлин көтөрүүгө ишеним артты.

Аскердик-техникалык жардам КР менен КЭРдин куралдуу күчтөрүнүн ортосунда мурда кол коюлган келишимдерди ишке ашыруунун алкагында көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, аскердик-техникалык жардам акысыз негизде берилди.

Пикир

Оставить комментарий