• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

С.Жээнбеков: «ЕАЭБдин 2025-жылга чейин санариптик тартибинин түзүлүшүн кыргыз тарап колдойт»

Саясат 0


Бишкек, 7-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Евразиялык экономикалык биримдигинде төрагалыгынын алкагында Кыргызстан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы өкмөт башчылар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Биримдиктин алкагында өлкөлөрдүн келишимдерин жана экономикалык демилгелерин ишке ашырууну көздөгөн 5 жыйын өткөрүштү.

“Байма-бай жолугушуулар пикир алмашууларга, көңүл буруу зарыл болгон маанилүүлүктөрдү аныктап, негизги багыттарды белгилеп алууга шарт түзгөндүктөн, ушул ыргакта иштөөнү сунуштайм. Бүгүн тар чөйрөдө күн тартибин талкуулоо жемиштүү өттү. Жогорку Евразия эконмоикалык кеңешинин төрагасы, КР Президенти А.Атамбаев ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусунда 2017-жылы Евразия мейкиндигинде ишкерликти өнүктүрүүгө кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүнү сунуштап, 2017-жылдагы Биримдиктин ишмердигинин негизги багыттарын баса көрсөткөнүн белгилеп кетким келет”, - деди ал.

Өз кезегинде, КР өкмөт башчысынын айтымында, негизги маселелердин катарына: инвестициялык саясатты активдештирүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыздоо тууралуу Келишимге кол коюу, санариптик мейкиндикти түзүү Стратегиясын кабыл алуу, өндүрүштүк кызматташуунун негизги багыттарын ишке ашыруу, ЕАЭБ тейлөө рыногун либералдаштыруу, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин транспорттук саясатынын негизги багыттарын аткаруу, баскычтарын ишке ашыруу, Биримдиктин жалпы каржылык Концепциясын иштеп чыгуу кирет.

“Бул багыттарды ишке ашырууда алгач кызыкдар мамиле жана жөнгө салынган иш талап кылынат. Ушул максаттарда Евразия экономикалык комиссиясына мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрү менен биргеликте кыска мөөнөттө Жогорку Евразия эконмоикалык кеңешинин төрагасынын ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусунда белгиленген демилгелерди ишке ашыруу иш-чараларынын Планын даярдоону тапшырууну сунуш кылам”, - деп кошумчалады С.Жээнбеков.

Ошондой эле, премьер-министр дүйнөлүк экономика менен эл аралык сооданын өнүгүшүнө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар зор таасир берерин билдирди.

“Буга байланыштуу кыргыз тарап Биримдиктин санариптик тартибинин түзүлүшүн колдойт. Санариптик технологиялар Биримдиктин өлкөлөрүнүн өз ара интеграция процессинин гана эмес, өлкөлөрдүн кеңири масштабдуу глобалдык санариптик трансформация процессине кошулуусунун негизги түзүүчүлөрүнөн болуп саналат. Санариптик тартип – жөн гана тренд эмес, башкаруу жан өндүрүү процесстерин жакшыртуунун, убакытты, бюрократияны кыскарткан, ченемдерди кеңейткен зарылдык болуп саналат. Маалыматтык технологиялар экономиканын бардык тармагынын өнүгүшүнүн олуттуу фактору катары эсептелет. Ушундан улам, ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки санариптик тартибин ишке ашыруунун негизги багыттарын иштеп чыгууну тездетүүнү сунуштайм. Кыргызстан буга чейин ЕАЭБ органдарында чечимдерди кабыл алуу процедураларын жеңилдетүү сунуштарын киргизген. Биз, бул багыттагы иштерди активдештирүү керек деп эсептейбиз. Чечимдер жана документтер өз убагында кабыл алынып, маселелер орундуу чечилиши маанилүү” , - деп баса белгиледи С.Жээнбеков.

Ошондой эле, кыргыз өкмөт башчысы биздин интеграция тууралуу коомчулуктан көптөгөн сын-пикирлер түшүп жатканын билдирди.

“Биримдиктин ичиндеги аймактык өндүрүш байланыштарын түзүүгө багытталган кадамдар коомчулуктун пикирин өзгөртүп, интеграцияга ишенимди жогорулатат деп ойлойм. Бүгүнкү күнү биз ушундай чечимдерге келдик. Экономиканын интеграциялык потенциалга ээ тармактарын аныктоо боюнча сунушталган аналитикалык эмгек иш-аракеттердин колдонмосуна айланат деп эсептейм”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий