Бишкекте абал туруктуу, милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө — ИИМ

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бишкекте абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 2024-жылдын 17-18-май күндөрү чет өлкөлүк жарандар менен болгон окуяларга байланыштуу Бишкек гарнизонунун өздүк курамы 2,5 миңден ашуун элдик кошуундар менен бирге туруктуу негизде алдын алуу иштерди жүргүзүп коомдук тартипти жана жарандардын, чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун камсыз кылып жатат.

"Азыркы учурда интернет мейкиндигинде жалган маалыматтар тарап жатат, бул биздин жарандардын арасында коомдук резонанс жаратат. Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы чет өлкөлүк жарандарга карата куч колдонууга чакырган жалган маалыматтар аныкталса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы шаардын аймагында абал туруктуу экенин жана кадимки жашоо образына кайтууга боло тургандыктарын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий