• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жайында жоголгон 18 жаштагы кыз табылды, ал туугандарынын үйүндө жашап жүргөн

Коом 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Жай айында дайынсыз жоголгон З.А. аттуу 18 жаштагы кыз табылды.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын ушул убакка чейин туугандарынын үйүндө жашап келгендиги аныкталды.

Эскерте кетсек, мурдарак Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Лебединовка айылында дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Айдана Зоотпекова изделип жаткандыгы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий