• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек мэриясы: Жаңы конуштардын жашоочуларына 1381 техпаспорт берилди

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 7-февралга карата жаңы конуштардын тургундарына 1381 техникалык паспорт берилип, дагы 457 техникалык паспорт берүүгө даяр. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Жер-Ынтымагы» жаңы конушунун аймагы боюнча 1070 арыз кабыл алынып, 1040 техникалык паспорттор даярдалып, 898и берилди.

Ошондой эле, “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамика”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, «Тынчтык», «Учкун» конуштарында 2021-жылдын 13-декабрынан бери 2330 арыз кабыл алынып, 561 техникалык паспорт даярдалып, анын 408и берилген.

2022-жылдын 11-январынан бери «Дордой-2» жаңы конушунда иш башталып, анын тургундары 421 арыз менен кайрылышкан, бүгүнкү күндө 158и даяр, 71 техникалык паспорттор берилген.

17-январдан бери “Ак-Тилек” конушунда да иш башталып, 188 кайрылуу кабыл алынып, 42 техникалык паспорт даярдалган, “Ак-Босого” конушунун тургундарынан 940 арыз түшкөн.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор туура эки ай мурун, 7-декабрда ишин баштаган.

Көчмө бригадалар өз билемдик менен турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат. Ошондой эле шаардыктар «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы бөлүмүнө түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арызын калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

"Урматтуу шаардыктар! Расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болгондор болсо, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий